Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:21

Зеленский Орусия менен согушта Украина жалгыз калганын билдирди


Владимир Зеленский.
Владимир Зеленский.

Украинанын президенти Владимир Зеленский 25-февралда калкка жаңы билдирүү менен чыгып, украиналыктарды орус агрессиясынан коргонууну улантууга чакырды. Ал Украина өзүн жалгыз коргоого аргасыз болуп жатканын айтып, Орусия санкцияларды тоготуп да койбогонун, а дүйнө болсо сырттан байкоо салып олтурганын билдирди.

“Кечээги санкциялар Орусияны ооздуктадыбы?! Биздин асманыбыздагы жана жерибиздеги окуялар булар жетишсиз экенин көрсөтүүдө”,-деди украин президенти.

Зеленский Орусия баары бир Украина менен диалогго келерин, ал сүйлөшүү канчалык эрте башталса ошончолук жакшы экенин эскертти. Сөзүнүн соңунда ал Орусиянын жарандарына орус тилинде кайрылып, Киевдин бомбаланып жатканын 1941-жылкы окуялар менен салыштырды.

Владимир Зеленский 25-февралда таңга маал жасаган билдирүүсүндө 24-февралдагы кармашта украиналык 137 аскер каза болгонун билдирген. Жайкын тургундар арасындагы курмандыктар так эмес.

Орус президенти Владимир Путин 24-февралда таң эрте билдирүү жасап, Донбасста "атайын аскердик операция уюштуруу" деген жүйө менен Украинага согуш ачты. Ал украин жоокерлерин куралдарын тапшырып, үйүнө кайтууга чакырды. Таңкы саат бештерде орус аскерлери Украинага чабуул жасап, басып кирди. 25-февралдан таңдан баштап орус армиясы Украинанын бардык аймактарында аткылоолорун жана бомбалоону улантууда.

Зеленский муну ачык эле согуш деп атап жатат. Батыш өлкөлөрү жана НАТО, Евробиримдик да Москванын кадамын кескин айыптады. АКШ орусиялык бир катар банктарга чектөө киргизип, айрым аткаминерлеринин балдарынын активдерин камакка алган. Австралия, Жапония жана Канада Орусияга каршы санкцияларды колдоду. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG