Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:09

Орусияда согушка каршы акцияларда 1700дөн көп киши кармалды


Санкт-Петербургда акцияга чыккандарды полиция кармап баратат. 24-февраль, 2022-жыл.
Санкт-Петербургда акцияга чыккандарды полиция кармап баратат. 24-февраль, 2022-жыл.

Акцияларга байкоо жүргүзүп келген «ОВД-Инфо» бейөкмөт уюму билдиргендей, 24-февралда Орусиянын 53 шаарында өткөн согушка каршы митингдерде 1700дөн көп кишини полиция кармап кетти.

Москвада 900, Санкт-Петербургда 400 адам кармалганын аталган уюм маалымдады.

Акцияга чыккандар «Согушка жок!» деген ураандарды чакырып, Орусиянын Украинага чабуулун токтотууну талап кылып жатышты.

Москвадагы митингди чагылдырып жаткан «Свобода» радиосунун үч кабарчысы кармалды. Видеодо алардын бири журналист экенин айтып жатса да, полиция кармап баратканын көрүүгө болот. Журналистти тартип коргоочулар сүйрөп барып, автобуска салышкан.

«Эркин Европа/Азаттык» радиосунун президенти Жейми Флай "Орусия Украинага эч шылтоосуз кол салганы аз келгенсип, эми жарандарын маалымат алуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратууну көздөп жатканын" билдирди. Ал ошондой эле журналисттердин кармалышын кескин айыптап, аларды токтоосуз бошотууга чакырды.

Ошондой эле башка маалымат каражаттарынын кабарчылары да кармалганы тууралуу кабарлар түштү.

Дүйнөнүн ондогон шаарларында Орусиянын Украинага басып кирүүсүн айыптаган, согушту токтотууга чакырган акциялар өттү.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG