Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:14

Акылбек Жапаров ЕАЭБде кризиске каршы фонд түзүүнү сунуштады


Акылбек Жапаров. 24-февраль, 2022-жыл. Нур-Султан шаары.
Акылбек Жапаров. 24-февраль, 2022-жыл. Нур-Султан шаары.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Нур-Султан шаарында өтүп жаткан Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынында учурда макроэкономикалык толкундоолор дээрлик бардык мамлекеттердин башынан өтүп жатканын белгиледи. Андан сырткары Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) системасында жөнгө салуучу алгоритмдер жок экенин белгиледи. ЕАЭБ тышкы экономикалык басым боюнча биргелешкен чараларды көрүүсү зарылдыгын айтты.

"Биз өнүктүрүү программаларын каржылоонун ийкемдүү жана жеңилдетилген инструменттери менен өнүгүү максаттарына жетишүүгө багытталган Евразиялык кризиске каршы фонд түзүүнү ойлонушубуз керек", - деди ал.

Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Нур-Султанда Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына катышып жатат.

2022-жылы Кыргызстан Жогорку Евразиялык экономикалык кеңешине, Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешине жана Евразиялык экономикалык комиссиянын кеңешине төрагалык кылып жатат.

ЕАЭБ 2010-жылы Беларус, Казакстан жана Орусиянын Бажы биримдиги катары түзүлгөн. 2015-жылы уюмга Кыргызстан менен Армения кошулган. (MTa)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG