Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 04:50

Чек ара кызматы “Ак-Тилек” өткөрмө бекетинде машинелердин тыгыны жок экенин билдирди


Кыргыз-казак чек арасындагы "Ак-Тилек" көзөмөл өткөрүү жайында кезек күткөн автоунаалар. 23-февраль. 2022-жыл.
Кыргыз-казак чек арасындагы "Ак-Тилек" көзөмөл өткөрүү жайында кезек күткөн автоунаалар. 23-февраль. 2022-жыл.

Кыргызстандын Чек ара кызматы 25-февралда саат 12:30га карата кыргыз-казак чек арасындагы “Ак-Тилек” өткөрмө бекетинде кезек күткөн автотранспорт жана адамдар жок экенин маалымдады.

Чек ара кызматынын маалыматына караганда, “Ак-Тилек” өткөрмө жайынан анча алыс эмес жерде ПЧР-тест жана жүктүн документтерин күткөн 70 машине турат.

Чек ара кызматы кыргыз-казак чек арасындагы бардык өткөрмө жайлар иштеп жатканын жана абал туруктуу экенин билдирет.

22-23-февраль күндөрү Кыргызстандын “Ак-Тилек” көзөмөл өткөрүү жайында 200дөй жүк ташуучу машиненин тыгыны пайда болгон. Кыргызстандын Мамлекеттик салык кызматы кыргыз-казак чек арасындагы автоунаалардын тыгынына жүк ташуучуларда QR код менен басып чыгарылган электрондук эсеп-фактуранын жоктугу себеп экенин билдирген.

Импортко көз каранды Кыргызстан үчүн Казакстан башкы транзиттик жол болуп эсептелет. Кез-кезде Казакстан тарап Кыргызстан аркылуу жүк алып киргендерге эрежелерди катаалдатып, түйшүк жараткан учурлар болуп келет. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG