Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:07

Министр Казакбаев Украинанын элчиси менен жолукту


Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев жана Украинанын Кыргызстандагы элчиси Валерий Жовтенко.
Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев жана Украинанын Кыргызстандагы элчиси Валерий Жовтенко.

Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Украинанын Кыргызстандагы элчиси Валерий Жовтенко менен жолугушту. Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы жолугушуу 24-февралда болгонун кабарлады.

Элчи министрге Украинадагы абал жөнүндө маалымат берген. Казакбаев конфликт жакын арада жөнгө салынарына ишеним артып, абалды курчуп кетпеши үчүн эл аралык уюмдардын аянтчасында жана Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинде дипломатиялык жол менен сүйлөшүү зарылдыгын белгилеген.

Украинанын президенти Владимир Зеленский 25-февралда таңга маал жасаган билдирүүсүндө 24-февралдагы кармашта украиналык 137 аскер каза болгонун билдирген. Жайкын тургундар арасындагы курмандыктар так эмес.

Орус президенти Владимир Путин 24-февралда таң эрте билдирүү жасап, Донбасста "атайын аскердик операция уюштуруу" деген жүйө менен Украинага согуш ачкан. Ал украин жоокерлерин куралдарын тапшырып, үйүнө кайтууга чакырды. Таңкы саат бештерде орус аскерлери Украинага чабуул жасап, басып кирди. 25-февралда таңдан баштап орус армиясы Украинанын бардык аймактарында аткылоолорун жана бомбалоону улантууда.

Зеленский муну ачык эле согуш деп атап жатат. Батыш өлкөлөрү жана НАТО, Евробиримдик да Москванын кадамын кескин айыптады. АКШ орусиялык бир катар банктарга чектөө киргизип, айрым аткаминерлеринин балдарынын активдерин камакка алган. Австралия, Жапония жана Канада Орусияга каршы санкцияларды колдоду. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG