Украинанын түндүк-батышындагы Житомир шаарында орус күчтөрүнүн артиллериялык аткылоосунан кеминде 2 киши курман болуп, дагы үч жаран жараат алды. Бул тууралуу Украинанын Өзгөчө кырдаалдар жана Ички иштер министрликтери кабарлашты.
“1-мартта 22:16 чамасында аба соккусу 10 жеке менчик турак-жайга зыян алып келди (үч үйдү өрт чулгады) жана шаардын ооруканасынын терезелери талкаланды. Эки киши мерт болуп, үчөө жараланды. Үйлөрдүн урандыларынын алдында адамдар болушу мүмкүн”, - деп айтылат билдирүүдө.
Маалыматка ылайык, сокку урулган аймакта куткаруучулар иштеп жатат жана жабыркагандар тууралуу толук маалымат топтолууда.
2-мартка караган түнү Украинанын Киев, Харьков жана Херсон шаарларында да чабуулдар уланганы кабарланды.
1-мартта күндүз орус армиясы Киевдеги телемунарага сокку урган. Андан кеминде беш жайкын тургун каза тапканы белгилүү болду.
28-февралда жана 1-мартта Орусиянын авиациялык күчтөрү Украинанын Харьков шаарын да бомбалады. Интернетте тараган видеодо атылган ракета шаардын администрациясынын жанында жарылганын көрүүгө болот.
Орусиянын армиясы 24-февралда Украинага басып кирген. Андан бери ондогон жайкын тургундардын жана жүздөгөн аскерлердин өмүрү кыйылганы маалым болду. Орус бийлиги жөн-жай тургундар жашаган аймактарга сокку урулганын четке кагып жатат.
Дагы караңыз
Грузияда Украинаны колдогон акцияда өкмөттүн отставкасын талап кылыштыКиевдин айрым райондоруна сокку урулуп жататЗеленский: Орусия сүйлөшүүдөн мурда элди бомбалоону токтотушу керекПутин Орусиядан 10 миң доллардан көп акча алып чыгууга тыюу салдыОрусия “Дождь” каналынын жана “Эхо Москвы” радиосунун сайтын жапты