Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:07

Киевдин айрым райондоруна сокку урулуп жатат


Киевде сокку урулган телемунара, 1-март 2022-жыл.
Киевде сокку урулган телемунара, 1-март 2022-жыл.

Орусиянын куралдуу күчтөрү Киевдин Русановка, Вишнёвое, Куреневка, Боярка жана Жуляны аймактарына абадан сокку уруп жатат. Бул тууралуу Украинанын Атайын байланыш жана маалыматы коргоо боюнча мамлекеттик кызматы түн жарымын утурлай Телеграм аркылуу билдирди.

Маалыматка ылайык, Киев облусундагы Белая Церковь шаарында да катуу жарылуунун добушу угулуп жатат. Мындан тышкары Украинанын түндүк-чыгышындагы Харьков шаарында, өлкөнүн түштүгүндөгү Херсон шаарында жана Киевдин батышындагы Житомир шаарында да орус күчтөрүнүн чабуулу уланып жатканы кабарланууда.

1-мартта күндүз орус армиясы Киевдеги телемунарага сокку урган. Андан кеминде беш жайкын тургун каза тапканы белгилүү болду.

28-февралда жана 1-мартта Орусиянын авиациялык күчтөрү Украинанын Харьков шаарын бомбалады. Интернетте тараган видеодо атылган ракета шаардын администрациясынын жанында жарылганын көрүүгө болот.

Орусиянын армиясы 24-февралда Украинага басып кирген. Андан бери ондогон жайкын тургундардын жана жүздөгөн аскерлердин өмүрү кыйылганы маалым болду. Орус бийлиги жөн-жай тургундар жашаган аймактарга сокку урулганын четке кагып жатат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG