Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:24

Зеленский Харьковдогу аткылоодон кийин Орусияны “террор-мамлекет” деп атады


Харьков шаарындагы бомбаланган турак жайлар. 1-март, 2022-жыл.
Харьков шаарындагы бомбаланган турак жайлар. 1-март, 2022-жыл.

Украинанын президенти Владимир Зеленский 1-мартта экинчи жолу видео кайрылуу таратып, орус аскердик күчтөрү Харьков шаарына интенсивдүү аткылоого дуушар болгонун билдирди. Ал Харьков шаары реактивдүү жана канаттуу ракеталык аткылоолорго кабылып жатканын айтып, муну ачыктан-ачык жасалып жаткан "террор" деп атады.

Зеленский ага барып жаткан Орусияны “террор-мамлекет” деп атап, аны “эч ким эч качан кечире албай турганын” кошумчалады.

28-февралда жана 1-мартта Орусиянын авиациялык күчтөрү Украинанын Харьков шаарын бомбалады. Артиллериялык жана ракеталык аткылоо да уланууда. Интернетте тараган видеодо атылган ракета шаардын администрациясынын жанында жарылганын көрүүгө болот.

Орусия 24-февралда Украинага басып кирди. Алты күндөн бери орус армиясы Украинанын бардык аймактарында аткылоону жана бомбалоону улантууда. Эң катаал чабуулдар Киевге жасалууда. 1-мартта орус аскерлеринин чабуулунун экинчи толкуну башталды. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG