Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:18

Оң рулдуу автоунааларга уруксат берүү талабы күчөдү


Иллюстрациялык сүрөт. Кыргызстандагы автоунаа базары.
Иллюстрациялык сүрөт. Кыргызстандагы автоунаа базары.

Кыргызстанга оң рулдуу автоунааларды алып кирип, каттоого жана колдонууга уруксат берүү демилгеси кайра көтөрүлүүдө. Парламентте мурда салынган тыюуну алып салуу сунушталып, мыйзам долбоорлору демилгеленип жатат.

Жарандык демилгелүү кыймылдар элдин муктаждыгын эске алууга чакырууда. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бул демилгеге караманча каршы позицияны карманып турат.

Жарандык коомдун талабы

Активист Эртай Искаков оң рулдуу унааларды Кыргызстанга киргизүүгө уруксат берүү талабы менен “Жапон унаалары үчүн” деп аталган жарандык кыймыл түздү. Кыймыл азырынча социалдык тармактарда иш алып барууда, үч күн ичинде он миңден ашуун мүчөлөр кошулду.

Эртай оң рулдуу унааларга салынган тыюу кыргыз жарандарынын укугун бузуп жатканын айтат.

Эртай Искаков, жарандык активист
Эртай Искаков, жарандык активист

“Бул жакта экономикалык адилетсиздик болуп жатпайбы. Эмне үчүн биз ЕАЭБде туруп оң рулдуу унааларды алып кире албайбыз. Ал эми Орусия, Армения сыяктуу биздей эле мамлекеттер алып кирип атышат? Эмнеге аларга болот да, бизге болбойт? Эң негизгиси ушул нерсе. Ошондой эле, ал жактан келген унаалар Кыргызстанда каалашынча жүрүшөт, биздин жарандарыбыз ал жактан кымбат, сапаты жакшы эмес унааларды алышат, бажынын, салыктын төлөмдөрү баары ал жакта калат. Кыргызстанда ал унаалар чет өлкөлүк номерлер менен жүрүшөт, жол эрежесин бузса аларга айып пулдар барбайт. Анткени, алар юридикалык жактан башка мамлекеттин жарандарына катталган. Биздин жарандарыбызга кыйынчылык туулат. Үч жылда ишеним каттын мөөнөтү бүтөт, андан кийин унаанын ээсин табаар-таппасы белгисиз. Ошондой эле, ЕАЭБдин мыйзамы боюнча, биримдиктин аймагынан тышкары жактан келген унаалар кимге катталган болсо, ошол ээси эле айдаганга укуктуу. Бул жагынан алып караганда да туура эмес”.

Кыймыл Кыргызстанда оң рулдуу унааларга мыйзамдык шарттарды түзүү үчүн петиция түзүп, жарандардын колун чогултууга киришкен. Кыймылдын активисттери оң рулдуу унааларга уруксат берүү чакырыктары менен коомдук иш-чараларды уюштурууну пландап жатат.

Кыргызстандагы автоунаа ээлеринин жана автоимпортерлордун ассоциациясы учурда демилгечи депутаттар менен бирге мыйзам долбоорлорун даярдоого катышууда. Ассоциация оң рулдуу автоунааларга уруксат берилсе, жапон жана корейдин оң рулдуу унаалары ортомчу өлкөлөр аркылуу эмес, түз келип, баасы арзандамак деп эсептейт.

Бирикменин жетекчиси Тилек Кожокулов оң рулдуу унаалар Орусиянын Владивосток шаарынан Кыргызстанга көмүскө схемалар аркылуу тетик катары киргизилип жатканын айтат. Ал эми Армения менен Абхазиядан оң рулдуу унааларды алып кирүүнүн учурдагы ыкмасын мындайча сүрөттөйт.

“Арменияга сиз Кыргызстандын жараны катары эле барып, жеке ишкер болуп катталасыз. Армян номерлүү унааларды ошол ишканага каттап туруп, Кыргызстанга алып кире бересиз. Анткени, бул Евразиялык экономикалык биримдиктин аймагы болгондуктан эч ким тыюу сала албайт. Абхазия ЕАЭБде эмес, анын унаалары Кыргызстанга убактылуу документ менен кирет. Бир жылдан кийин чыктыбы-чакпадыбы, көзөмөл болбойт. Кыргызстандын ичинде жүрө берет, ар кандай бузууларды кылат, эч ким аны каттай албайт. Бул дагы мамлекеттик бюджетке чыгым алып келет. Аны киргизбейин десе болбойт. Биз ушунун баарын жоюп, унааларды Жапониядан мыйзамдуу алып келип, бажы алымын төлөп, каттоого туруп, салыктарын кадимкидей төлөсүн деген талапты коюп жатабыз”.

Мурат Абхазиянын каттоосундагы унааны сатып алгандан бери тарткан түйшүктөрүн айтып берди.

“Унааны 2019-жылы сатып алгам. Техпаспорт боюнча ээси абхаз жараны болгон. Ал мен сатып алган кыргыз жаранына ишеним кат менен берген. Кыргыз жараны ишеним катты мага өткөрүп берди. Эгерде бузуу болуп, жол полициясы айып короосуна киргизсе, чыгарыш кыйын болот экен. Себеби, ал биринчиден Кыргызстанда катталган эмес, экинчиден менин атымда эмес. Андан тышкары Сосновкадагы посттон ар бир өткөндө 5 доллар төлөш керек болот экен. Ошонусу кыйын болуп жатат”.

Санжар болсо документтердеги так эместиктерден улам сатып алган унаасын өзүнө каттай албай жүрөт.

“Honda Stepwgn сатып алгам. Кыргызстанга канчанчы жылы киргенин билбейм, техпаспортто 2021-жылы каттоого турган деп жазылып турат. Бирок, так сол рулдуу деп кириптир. Былтыртан бери кайра каттай албай жүрөм. Мамлекет киргизип жатат, макул киргизсин. Анан кандайдыр бир жолдор менен каттоого коюп жатышпайбы”.

Бөгөттү алып салуу мыйзамы даярдалууда

Оң рулдуу унааларды киргизүү, каттоо жана колдонууга уруксат берүү демилгеси парламентте да көтөрүлүп жатат. 9-февралда парламент жыйынында шайлоочулардын өтүнүчүн билдирген депутат Чолпон Султанбекова өкмөттүн 2015-жылдагы чечимин кайра карап чыгууну сунуштады. Эл өкүлү жапон унааларын сатып алуу мүмкүнчүлүгүнө коюлган бөгөттөн улам, жарандар унааларды Армения, Абхазия, Грузия өңдүү үчүнчү өлкөлөрдөн сатып алууга мажбур болуп жатканын айтат.

Чолпон Султанбекова, Жогорку Кеңештин депутаты
Чолпон Султанбекова, Жогорку Кеңештин депутаты

“Оң рулдуу автоунааларды киргизүүгө бөгөт койгонубуз менен, баары бир алар кирип жатпайбы. Мурда Жапониядан сапаттуу, жакшы унаалар келсе, бүгүнкү күндө Армения, Абхазия, Грузия өңдүү үчүнчү мамлекеттерден келип атат. Алар өздөрүнө жаңы унааларды алып, эски, катализатору жок унааларын арзаныраак баада биз жакка сатып жатышат. Биздикилер арзанына карап алып жатышат. Алар бажы алымын, кошумча нарк салыгын төлөбөй жатышат, каттоо төлөмдөрүн төлөгөн жок, лабораториялык текшерүүлөрдөн өтүшкөн жок. Эң кызыгы, алар жол эрежесин кандай бузушпасын айып төлөбөйт экен”, - дейт Чолпон Султанбекова.

Депутат акыркы бир жылга жетпеген мезгил ичинде эле Евразиялык экономикалык биримдиктин аймагынан Кыргызстанга 7 миңдей оң рулдуу автоунаа киргенин кошумчалады.

Оң рулдуу автоунааларды өлкө аймагына киргизүүгө жана колдонууга тыюу салган мыйзам 2015-жылдын 26-февралында кабыл алынып, 4-июнда күчүнө кирген. Бийлик бул мыйзам оң рулдуу унаалар катышкан жол кырсыктарын азайтууну көздөөрүн билдирген. Султанбекованын айтымында, мындай тыюу биримдикке мүчө башка өлкөлөрдө жок.

“Мен карап чыктым. Мыйзам боюнча ЕАЭБдин курамына кирген башка өлкөлөрдө оң рулдуу автоунааларды киргизүүгө тыюу жок. Ошон үчүн Арменияда, Орусиянын Ыраакы Чыгышында бүт баары оң рулдуу унаалар менен жүрүшөт. Баары жаңы. Алар өзүнүн автопаркын жаңылап, болбой калган, жаман оң рулдуу унааларын бизге сатып жатышат”, - дейт эл өкүлү.

“Ынтымак” фракциясынын лидери Марлен Маматалиев да “Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун коомдук талкууга алып чыкты. Маматалиев өзү демилгелеген долбоорун мындайча түшүндүрөт.

Марлен Маматалиев, Жогорку Кеңештин депутаты
Марлен Маматалиев, Жогорку Кеңештин депутаты

“Мурда эмне үчүн тыюу салынганын талдап көрдүк. 2015-жылы жол кырсыктарынын көпчүлүгү оң рулдуу унаалардын кесепетинен болуп жатат деп айтып келишкен. Кийинки маалыматтарды талдап көрсөк, жол кырсыктарынын 20-25% оң рулдуулардын кесепетинен, калганы бүт эле сол рулдуу экен. Оң рулдуу унааларга бир шарт менен уруксат берип киргизип койсок болот. Озуп өтүү жерлеринде коопсуздук маселеси бар. Ошондуктан, заманбап технологияларды колдонуп, унаага камера менен монитор коюп алышсын. Ошондо уруксат берсек болобу деген ниет менен мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгардык”.

Аталган эки мыйзам долбоору учурда өз-өзүнчө коомдук талкууга чыгарылды. Султанбекованын айтымында, эки долбоор коомдук талкуудан кийин бир мыйзамга бириктирилет.

Өкмөт демилгени колдобойт

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров оң рулдуу унааларды Кыргызстанга киргизүүгө кайра уруксат берүү өлкөгө эски техникалардын агып киришине шарт түзөрүн айтып, каршы чыгууда.

Акылбек Жапаров, Министрлер кабинетинин төрагасы
Акылбек Жапаров, Министрлер кабинетинин төрагасы

“Мен кескин каршы пикирдемин. Бир миллион жүз элүү миң унаанын ичинен беш жылдыктары 5800 гана. Жаңы унаалар дээрлик жокко эсе. Ошентсе да биз аларга тиешелүү төлөмдү коёбуз. Он беш жылдан ашык болгон унаалар бир миллион жүз миңден ашуун. Биз ушул либерализм мезгили ичинде дүйнөдөгү бардык артта калган техникаларды чогултуп алдык. Азыр оң рулдууларга да уруксат берип салсак, анда Орусияда, Беларуста жана Казакстанда тыюу салынган унаалар бизге агылып кирет”, - деген оюн айтты Акылбек Жапаров.

Экономика жана коммерция министрлиги эгерде жол коопсуздугун уюштуруу боюнча орган аталган маселени колдосо, бул демилгени карап чыгууга даяр позицияда турат. Ички иштер министрлиги жол кырсыктарынын көп бөлүгүн оң рулдуу унаалар түзүп жатканын айтып, аларга салынган бөгөттү алып салууга каршы болууда.

Оң рулдуу унааларды Кыргызстанга киргизүүгө жана колдонууга Евразиялык экономикалык биримдиктин регламенти кандай карайт?

Евразиялык экономикалык комиссиянын бажы кызматташтыгы боюнча министри Максат Мамытканов 22-февралда "Москва – Минск – Бишкек – Нур-Султан" деп аталган видеокөпүрөдө учурда биримдиктин алкагында оң рулдуу автоунааларды алып кирүүгө тыюу салынганын билдирди.

Бажы комитетинин өкүлү Гүлзада Чубакова биримдиктин бул жааттагы эрежелерин мындайча түшүндүрдү:

“Евразиялык экономикалык биримдиктин Бажы кодексинин 264-беренесинин 1-пунктуна ылайык, чет элдик физикалык жана юридикалык жактардын биримдикке мүчө эмес мамлекетте катталган унааларды жеке колдонуу үчүн бир жылдан көп эмес мөөнөткө ЕАЭБ аймагына убактылуу алып кирүүгө уруксат берилген. Биримдикке мүчө өлкөлөрдүн жарандарына да жеке колдонуу үчүн чет элден транспорт каражаттарын бир жылдан көп эмес мөөнөткө убактылуу алып кирүүгө уруксат”.

“Унаа” мамлекеттик мекемесинин маалыматына ылайык, 2021-жылы эң көп автоунаа Орусиядан келип, каттоого турган. Бул ЕАЭБге кирбеген өлкөлөрдөн кирген автоунаалардын баарын кошкондогу көрсөткүчтөн да көп.

Мекеменин көзөмөл, талдоо, мониторинг жана кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаты бөлүмүнүн адиси Альберт Кожобергенов бир жылда Кыргызстанга кирип, каттоого турган автоунаалардын санын мындайча эсептеп берди.

“Бизге Орусиядан бир жылдын ичинде 20 миңдей автоунаа келди. Армениядан 100дөн ашуун, Беларустан 1000ден ашык, Казакстандан 500 ашуун автоунаа келди. Литвадан 4500 ашуун, Түштүк Кореядан 4000ден ашуун, АКШдан 700дөн ашуун, Германиядан 500дөн ашуун, Грузиядан 2000ге чукул, Кытайдан 800дөн ашуун жана Өзбекстандан 300дөй автоунаа келип каттоого турган”.

Булардын ташкары дагы бир катар чет өлкөлөрдөн ондоп,жүздөп саналган транспорттук каражаттар келип турат.

Экономика жана коммерция министрлигинин маалыматында, Кыргызстанга Абхазия менен Армениянын номери менен кирген оң рулдуу автоунааларды убактылуу колдонууга болот, бирок мамлекеттик номер берип, каттоого тыюу салынган. Жол кыймылынын коопсуздугун уюштуру башкармалыгынын маалымат катчысы Тилек Исаев Кыргызстанга кирүү жана жүрүү эрежелерин бузган автоунааларга карата бажы кызматынын өтүнүчү менен гана чара көрүлөөрүн билдирди.

“Транспорт каражаттарынын өлкө ичинде жүрүшүнө биздин кызматкерлер чектөө кыла албайт. Эгерде чет элден келип жаткан транспорт каражаттары келүү, жүрүү шарттарын буза турган болсо биздин башкармалыкка бажы кызматынан кат жүзүндө кайрылуулар түшөт. Анын негизинде биздин кызматкерлер ошол унааларга багыттамаларды берип, кармап, айып аянтчасына коюп, ошол кызматка тапшырып беришет”.

Жол коопсуздугун уюштуруу башкармалыгынын маалыматында, Кыргызстандагы жол кырсыктарынын 95% айдоочулардын күнөөсүнөн болот. Анын ичинен 25% оң рулдуу автоунаалардын катышуусунда болот.

Мекеме оң рулдуу автоунаалардын жолду көрүү обзору жок болгондуктан озуп өтүүдө каршы тилкеге чыгып кетет деп эсептейт. Ал эми оң рулдуу автоунааларга уруксат берүү жөнүндө мыйзам долбоорунун демилгечилери жол кырсыктарынын 60% жол эрежелерин билбегенден улам келип чыгаарын белгилешет. Алар рулдун жайгашуусуна эмес, автоунааны ким башкарып баратканына, анын айдоо көндүмүнүн сапатына көңүл буруу зарылдыгын айтууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG