Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:23

Бажы кызматы: Абхазиядан келген унааларды албагыла


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын мамлекеттик Бажы кызматы жарандарга Абхазиядан алып келинген унааларды сатып алуудан жана бажы каттоосунан өткөрбөй туруп пайдалануудан карманууга чакырууда.

Мекеменин маалымат кызматы кабарлагандай, учурда Бажы кызматы Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы (ЖКККБ) менен биригип Абхазиядан унааларды мыйзамсыз алып келип, сатууну тыюу багытында чара көрүүдө.

Маалыматта жазылгандай Абхазиядан алып келинген унаалар ЕАЭБдин товары болуп эсептелбейт.

"Абхазиядан убактылуу алып келинген унаалар ЕАЭБдин Бажы кодексинин 264, 275-беренелерине ылайык Кыргызстандын аймагына алып келип, бажы каттоосунан өткөрбөй туруп, эксплуатациялоо - мыйзамсыз", деп жазылган маалыматта.

Учурда абхазиялык номуру менен кыргызстандык жарандар айдап жүргөн унааларды текшерүү максатында атайын рейд жүрүүдө. ЖКККБнын маалымдашынча мындай унаалардын убактылуу бажы декларациясы талап кылынат. Андай декларациясы жок же декларациясынын мөөнөтү өтүп кеткен автоунаалар камакка алынат. Бүгүнкү күнгө чейин он чакты унаа айып салынуучу токтотмого киргизилген.

Автоунаалар Абхазиядан Орусияга, андан кийин Кыргызстанга алып келинет.

Кыргызстан ЕАЭБге мүчө болгон 2015-жылдан баштап оң рулдуу машинелерди алып кирүүгө тыюу салынган. Андан бери бир нече ирет коррупциялык схема менен тыштан оң рулдуу автоунаа алып кирүү аракеттери катталган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG