Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:49

Орусия чет өлкөлүк студенттерге окууга жол ачты


Москвадагы окуу жайынын аудиториясы. (Иллюстрациялык сүрөт).
Москвадагы окуу жайынын аудиториясы. (Иллюстрациялык сүрөт).

Орусия Федерациясынын өкмөтү чет мамлекеттердин студенттерине, аспиранттарга, ординаторлорго жана даярдоочу курстардын угуучуларына Орусияга кайтып келип, окуусун улантууга уруксат берди. Бул тууралуу Орусиянын Илим жана жогорку билим берүү министрлиги маалымдады.

Ага ылайык уруксат эпидемиологиялык абал кооптуу эмес деп эсептелген 25 мамлекеттин жарандарына гана берилген. Алардын ичинде Кыргызстан дагы бар.

Министрликтин талабы боюнча чет өлкөлүк студенттер окууга кайтаары тууралуу өздөрү билим алган окуу жайга 10 күндөн кеч эмес убакта маалымдоого тийиш. Алар Орусияга кирээрдин алдындагы 72 сааттын ичинде жана киргенден кийинки 3 сутканын аралыгында эки ПЧР тест тапшырууга милдеттүү.

Орусиядагы түрдүү окуу жайларда 16 миңден ашуун кыргызстандык студенттер билим алышат.(ZKo)

XS
SM
MD
LG