Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:55

21-март - поэзиянын дүйнөлүк күнү. Алыкул Осмонов дагы 21-мартта туулган


Алыкул Осмонов. 1934-жыл. (Архивдик сүрөт).
Алыкул Осмонов. 1934-жыл. (Архивдик сүрөт).

21-март - поэзиянын бүткүл дүйнөлүк күнүнө жана акын Алыкул Осмоновдун туулган күнүнө карата бүгүн акындар, чыгармачыл адамдар салттуу болуп калгандай акындын мүрзөсүндө эскерүү өткөрүштү.

Уюштуруучулардын бири, Жазуучулар союзунун мүчөсү Айсулуу Көкөеванын “Азаттыкка” билдиргени боюнча Алыкулдун мүрзөсүнө гүлчамбар коюлуп, ырлар окулду:

“90-жылдары азыркы депутат, акын, жазуучу Каныбек Иманалиев демилгелеп түзгөн салттуу саамалык бүгүн да уланды. Жыл сайын 21-мартта таң атпай чыгармачыл адамдар Алыкулдун мүрзөсүнө барып, ыр окуп, гүл коюп, эскерип турабыз. Жылыга биз менен кошо барчу айрым акындарыбыз азыр өздөрү Алыкулга кошуна болуп, “Ала-Арча” көрүстөнүнөн түбөлүк жай алышкан. Алардын да мүрзөлөрүнө гүл коюп, таазим кылдык”.

Айсулуу Көкөева залкар акынды эскерүү андан ары Алыкулдун үй музейинде уланганын кошумчалады. Бул үйдө акын жашап, иштеп, көзү өткөн.

Кыргыздын залкар акыны Алыкул Осмонов 1915-жылы 21-мартта дүйнөгө келип, 1950-жылы 12-декабрда 35 жашында көзү өткөн. Ырлары менен окурмандардын сүймөнчүлүгүнө айланган акын ондон ашуун китеп чыгарып, Пушкин, Шекспир, Низами, Шота Руставели сыяктуу дүйнөлүк адабияттын алптарынын чыгармаларын кыргызчалаган.

Айрыкча Шота Руставелинин "Жолборс терисин жамынган баатыр" поэмасы Алыкулдун котормосунда эң мыкты экени айтылып келет. Шекспирдин "Отелло", "Он экинчи түн" сыяктуу драмалары да кыргыз көрүүчүлөрүнө акындын котормосу боюнча сахналаштырылган.

Алыкулдун үй-музейи Бишкек шаарындагы Сокулук көчөсүндө №10 үйдө жайгашкан.(ZKo)

XS
SM
MD
LG