Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:28

Украина Кыргызстан менен Грузиядагы элчилерин кеңешүүгө чакыртып алды


Владимир Зеленский.
Владимир Зеленский.

Украина Кыргызстан менен Грузиянын соңку кырдаал боюнча позицияларына байланыштуу Бишкектеги жана Тбилисидеги элчилерин кеңешүүгө чакыртып алды. Бул тууралуу Украинанын президенти Владимир Зеленский 1-марттагы видео кайрылуусунда билдирди.

Буга чейин Грузиянын бийлиги Орусияга каршы Батыш салган санкцияларды колдобой турганын билдирген.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Орусиянын президенти Владимир Путин менен телефондон сүйлөшкөн. Кыргыз президентинин сайты президенттер жөн гана соңку кырдаалды талкуулаганын кабарласа, орусиялык басылмалар Жапаров Путиндин Украинага каршы аракеттерин кубаттаганын жазышкан.

Орусия 24-февралда Украинага басып кирди. Алты күндөн бери орус армиясы Украинанын бардык аймактарында аткылоосун жана бомбалоосун улантууда. Эң катаал чабуулдар Киевге жасалууда.

1-мартта орус аскерлеринин чабуулунун экинчи толкуну башталды. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG