Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:48

Европада Russia Today жана Sputnik басылмаларынын YouTube каналдары жабылды


Орусия каржылаган Sputnik жалпыга маалымдоо каражатынын кеңселеринин бири.
Орусия каржылаган Sputnik жалпыга маалымдоо каражатынын кеңселеринин бири.

Google компаниясы Орусиянын мамлекеттик казынасынан каржыланган Russia Today жана Sputnik маалымат каражаттарынын YouTube порталындагы каналдарын Европа аудиториясы үчүн жапты.

Мындай чечимге Европа Биримдигинин аталган медиаларга карата киргизген санкциясы себеп болду. Москванын Украинага карата чабуулуна байланыштуу Батыштагы бир нече мамлекет Russia Today телеканалын чагылдырууну да токтоткон.

Мунун алдында америкалык Meta компаниясы Russia Today жана Sputnik каражаттарынын Facebook жана Instagram социалдык түйүндөрүндөгү баракчаларын дагы Европа континенти үчүн жапкан.

Орусия 24-февралда Украинага басып кирди. Алты күндөн бери орус армиясы Украинанын бардык аймактарында аткылоосун жана бомбалоосун улантууда. Эң катуу чабуулдар Киев жасалууда. 1-мартта орус аскерлеринин чабуулунун экинчи толкуну башталды. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG