Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:39

Жуманазарова менен Акматалиев дүйнөлүк рейтингде алдыга чыгышты


Кыргызстандын күрөш балбандары Эрназар Акматалиев менен Мээрим Жуманазарова Дүйнөлүк күрөш биримдиги уюмунун версиясынын рейтингинде биринчи орунга чыгышты.

Жаңы рейтинг Түркиянын Стамбул шаарында февралдын соңунда өткөн Yasar Dogu мелдешинин жыйынтыгынан кийин түзүлдү.

Акматалиев бул мелдеште байге албай калган. Бирок буга чейинки көрсөткүчтөрүн кошуп эсептегенде 45520 упай топтоп, 70 килограммга чейинки салмакта дүйнөдөгү мыкты балбан деп табылды.

Жуманазарова Yasar Dogu мелдешинде 68 килограммга чейинки салмакта күрөшүп, күмүш медал уткан.

Токио Олимпиадасынын коло байгесинин ээси, дүйнөнүн учурдагы чемпиону болгон спортчу жалпысынан 83600 упай топтоп, дүйнөдө биринчи орунда турат. Буга чейин ал экинчи сапта болчу.

XS
SM
MD
LG