Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:11

Орусия “Дождь” каналынын жана “Эхо Москвы” радиосунун сайтын жапты


"Дождь" телеканалы.
"Дождь" телеканалы.

Роскомнадзор Орусиядагы “Дождь” телеканалынын жана “Эхо Москвы” радиосунун интернет сайттарына бөгөт койду. Анын алдында Орусиянын Башкы прокуратурасы орус армиясынын Украинадагы аракеттери тууралуу “жалган маалыматты жарыялады” деген негиз менен аталган сайттарды жабууну талап кылган.

“Эхо Москвы” радиосунун башкы редактору Алексей Венедиктов орус бийлигинин чечимин “саясий өңүтү бар цензура” деп мүнөздөп, радио ага каршы сотко кайрыла турганын билдирди.

Азыр “Дождь” телеканалы жана “Эхо Москвы” радиосу YouTube сыяктуу башка интернет платформалары аркылуу өз берүүлөрүн улантып жатат.

Кыргызстанда Next FM орусиялык “Эхо Москвы” радиосун ретрансляция кылып келген. Анын уктуруулары Кыргызстандын аймагында дагы токтотулганы белгилүү болду.

Буга чейин Роскомнадзор Орусиянын маалымат каражаттарына Украинадагы окуяларды "согуш" деп атоого тыюу салган. Ошондой эле Украинадагы согуш тууралуу Орусиянын расмий органдарынын маалыматтарын гана жарыялоону талап кылган. 24-февралда “Дождь” телеканалынын башкы редактору Тихон Дзядко бул чечимдерди “аскердик цензура” деп мүнөздөгөн.

Бир нече күн мурда Орусия “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун “Настоящее время” телеканалынын жана “Крым.Реалии” долбоорунун сайттарын жапкан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG