Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:04

Зеленский Европарламентти Украинанын ЕБге кирүүсүн колдоп берүүгө үндөдү


Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин Европарламенттеги 1-марттагы кайрылуусу.
Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин Европарламенттеги 1-марттагы кайрылуусу.

Европарламент 1-мартта Орусиянын Украинанага карата куралдуу кол салуусун жана Украинанын Европа Биримдигине кирүү мүмкүнчүлүгүн карап жатат. Украинанын президенти Владимир Зеленский анда видео байланыш аркылуу билдирүү жасады.

Зеленский өз сөзүндө Харьков шаарын шейшемби күнкү ракеталык аткылоо жөнүндө айтып, жайкын тургундардын, анын ичинде балдардын курмандыгы жөнүндө кеп кылды. Ал украиналыктар орусиялык агрессияга каршы туруп, миңдеген курмандыктардын негизинде гана Евробиримдиктеги өлкөлөрдү Украинаны колдоого араң көңүл бурдурганын билдирди.

Президенттин сөзүнө караганда, Украина тандоо жасады жана Европа Биримдигине кирүүнү каалайт. Алар европалык улуттар менен бирдей укуктагы эл болгусу келет.

“Эми силер биз менен экениңерди, чыныгы европалык экениңерди далилдегиле жана жашоо өлүмдү, жарыкчылык караңгылыкты жеңерин көрсөткүлө”, - деди Владимир Зеленский.

Президент Владимир Зеленский Украинанын Европа Биримдигинин мүчөлүгүнө кирүү тууралуу арызына 28-февралда кол койгон. Мурдараак өлкөнүн премьер-министри Денис Шмыгал Украина уюмга атайын тартип менен кирерин билдирген.

Орусия 24-февралда Украинага басып кирди. Алты күндөн бери орус армиясы Украинанын бардык аймактарында аткылоону жана бомбалоону улантууда. Эң катуу соккулар Киевге жасалууда. 1-мартта орус аскерлеринин чабуулунун экинчи толкуну башталды. (ErN)

XS
SM
MD
LG