Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:58

Казакбаев Орусия менен Украинаны "диалог үчүн жаңы формат издөөгө" чакырды


Руслан Казакбаев.
Руслан Казакбаев.

Кыргызстан Орусия менен Украинаны "натыйжалуу диалог үчүн жаңы форматтарды издөөгө" чакырат. Бул тууралуу тышкы иштер министри Руслан Казакбаев 28-февралда Борбор Азия өлкөлөрүнүн жана АКШнын тышкы иштер министрлеринин С5+1 форматында онлайн жолугушуусунда билдирди.

Жолугушууда Украинадагы кырдаал талкууланган. Министрликтин маалыматына караганда, Казакбаев Кыргызстан Украинадагы кырдаалдын өнүгүшүнө тынчсыздануу менен көз салып жатканын, кыргыз эли орус жана украиндер менен тарыхый достук мамиледе экенин айткан.

Тараптар Орусияга каршы санкциялардын башка өлкөлөрдүн экономикасына тийгизген терс таасирин да талкуулашкан.

АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин басма сөз кызматы мамлекеттик катчы Энтони Блинкендин Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан жана Өзбекстандын тышкы иштер министрлери менен жолугушуусу тууралуу маалымат таратты.

Анда Блинкен АКШнын Борбор Азия өлкөлөрүнүн эгемендүүлүгүн, көз карандысыздыгын жана аймактык бүтүндүгүн колдой турганын белгилеген.

Орусия 24-февралда Украинага басып кирди. Алты күндөн бери орус армиясы Украинанын бардык аймактарында аткылоосун жана бомбалоосун улантууда. Эң катаал чабуулдар Киевге жасалууда. 1-мартта орус аскерлеринин чабуулунун экинчи толкуну башталды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG