Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:32

Президент алтын алуу үчүн кезекке тургандар көбөйгөнүн билдирди


Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Президент Садыр Жапаров алтын сатып алууга чакырыгынан кийин Улуттук банкта алтын сатып алууну каалаган жарандардын кезеги көбөйгөнүн билдирди. Бул тууралуу "Фейсбуктагы" баракчасына жазды.

"Мен кечээ кыргызстандыктарга кайрылуу жасап, акчасы барларга акчаңарды алтын менен сактагыла, жүздөгөн жылдар бою алтын өз кунун жоготпойт дедим эле. Бүгүндөн баштап Улуттук банкта алтын сатып алууга кезекке тургандар көбөйдү. Туура кыласыздар, чет өлкөлүк банктарда же үйдө кагаз акча менен сактагандан көрө, алтын менен сактасаңыздар, жүз жылдан кийин болсо дагы күйбөйсүздөр. Сом менен доллар өз кунун жоготуп коюушу мүмкүн, ал эми алтын өз кунун эч качан жоготпойт", - деген Жапаров.

Өлкө башчысынын айтымында, Кыргызстанда акчасы барлар, чет өлкөдөгү банктарда, үйүндө акча сактагандар көп.

Президент Садыр Жапаров 28-февралда дүйнөдөгү кырдаалга байланыштуу кыргыз экономикасындагы жагдай боюнча кайрылуу жасаган. Анда чет элдик валюталарды сатып алып жаткан кыргызстандыктарды Улуттук банктан алтын сатып алууга чакырган.

Украинадагы кырдаалга байланыштуу доллардын наркы көтөрүлүп, сомдун куну арзандап жатат.

Улуттук банктагы алтындын баасы менен бул шилтемени басып таанышыңыз.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG