Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:57

Орусия күчтөрү Киевде телемунарага сокку урду


Киевдеги телемунарага ок атылган учур.
Киевдеги телемунарага ок атылган учур.

Орусиянын аба күчтөрү Украинанын Киев шаарындагы телемунарага сокку урду. Бул тууралуу Украинанын Ички иштер министрлиги кабарлады.

Атылган октор телеберүү сигналдарын жөнөтүүчү аппаратка тийди. Телеканалдар иштебей калды. Жакын арада резервдик каналдар аркылуу берилери айтылды.

Киевдин 385 метрлик бийиктикке ээ телемунарасы 110 радиуска чейин телесигнал таратат. Мында теле жана радио берүүлөрдөн сырткары башка байланыш каражаттары, анын ичинде полиция кызматынын жана энергетикалык кызматтардын байланыштары да тейленчү.

Орусия 24-февралда Украинага басып кирди. Алты күндөн бери орус армиясы Украинанын бардык аймактарында аткылоону жана бомбалоону улантууда. Эң катуу чабуул Киевге жасалууда. 1-мартта орус аскерлеринин чабуулунун экинчи толкуну башталды. (ErN)

XS
SM
MD
LG