Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Март, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:43

Европарламент Украинага ЕБге кирүүгө талапкер өлкө макамын берди


Европарламент. 1-март, 2022-жыл.
Европарламент. 1-март, 2022-жыл.

Европарламент 1-мартта Украинанын Европа Биримдигине кирүү тууралуу арызын карап, Еврокомиссиянын институттарына аны талапкер өлкө катары сунуштоо резолюциясын кабыл алды. Документ милдеттүү макамга ээ эмес, сунуштама болуп эсептелет.

Евробиримдиктеги сегиз өлкөнүн өкүлдөрү жыйында Украинаны уюмдун мүчөлүгүнө шашылыш процедура менен кароо чакырыгын жасашты.

Мунун алдында жыйында Украинанын президенти Владимир Зеленский видео байланыш аркылуу билдирүү жасады. Зеленский өз сөзүндө Харьков шаарын шейшемби күнкү ракеталык аткылоо жөнүндө айтып, жайкын тургундардын, анын ичинде балдардын курмандыгы жөнүндө кеп кылды. Ал украиналыктар орусиялык агрессияга каршы туруп, миңдеген курмандыктардын негизинде гана Евробиримдиктеги өлкөлөрдү Украинаны колдоого араң көңүл бурдурганын билдирди. Ал Украинаны кабыл алууну суранган.

Президент Владимир Зеленский Украинанын Европа Биримдигинин мүчөлүгүнө кирүү тууралуу арызына 28-февралда кол койгон. Мурдараак өлкөнүн премьер-министри Денис Шмыгал Украина уюмга атайын тартип менен кирерин билдирген.

Орусия 24-февралда Украинага басып кирди. Алты күндөн бери орус армиясы Украинанын бардык аймактарында аткылоону жана бомбалоону улантууда. Эң катуу соккулар Киевге жасалууда. 1-мартта орус аскерлеринин чабуулунун экинчи толкуну башталды. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG