Украина: качкындардын саны бир жарым миллионго жетет

Львов шаарындагы темир жол вокзалы.

Украинадагы согуштан качып бозгунга айланган адамдардын саны 6-мартка карай бир жарым миллионго жетери күтүлүүдө. Өлкөдөн чыгып кеткендер Румыния, Польша, Словакия, Чехияда баш пааналашса, он миңдеген киши Украинанын ичинде жер которууга аргасыз болду. Улуттар уюмунун Качкындар агенттиги июлга чейин бозгундардын саны 4 миллионго жетиши мүмкүн деп болжолдойт.

Ишембиде АКШнын Мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Польшанын чек арасында топтолгон украиналык качкындардын абалы менен таанышып, Вашингтон гуманитардык кризисти жөнгө салуу үчүн 2,75 миллиард доллар бөлүүнү караштырып жатканын билдирди.

Жекшембиде Николаев жана Чернигов шаарлары үчүн айыгышкан салгылашуулар жүрүп жатканы кабарланды.

“Мариуполь шаарын коргоого бар аракет жумшалууда”, - деп билдирди "Фейсбуктан" украин армиясынын расмий өкүлү.

Дагы бир маалыматка караганда, украин жоокерлери азыркыга чейин орусиялык 88 аскердик учакты атып түшүрдү жана бир нече пилотту туткунга алышты.

Дагы караңыз

Visa жана Mastercard орус банктары менен иштешүүнү токтототОрус күчтөрү Украинанын тогуз аймагына авиасокку урдуАлматыда Орусиянын Украинадагы агрессиясына каршы митинг өтүүдө Орусияда Украинадагы согушка каршы чыккандарды полиция кармап жататКыргызстанда Орусиянын миграциялык борборлорун ачуу пландалууда