Москва Украинада бийликти кулатууну көздөбөй турганын билдирди

Владимир Путин.

Орусия Украинадагы бийликти кулатууну максат кылбайт. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова шаршембидеги брифингде билдирди.

Согуштун башында президент Владимир Путин украин аскерлерин төңкөрүш уюштурууга чакырган. Өлкөнүн легитимдүү жетекчилигин ошондо "баңгилердин жана неонацисттерлин уюшкан тобу" деп атаган.

Захарованын айтымында, согуш Донбасcтагы орусиячыл жикчилдерди коргоону, Украинанын "демилитаризациясын" жана "ашынган улутчулдардан арылышын", Орусияга болгон аскердик коркунучту жоюуну көздөйт. Москва кол салардан бир күн мурун Украинанын чыгышындагы жикчил аймактарды "көз каранды эмес мамлекеттер" деп тааныган. Тышкы иштер министрлигинин өкүлү "Орусиянын кошуна өлкөнү оккупациялоо же анын мамлекеттүүлүгүн талкалоо планы жок" деп айтты.

7-мартта Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков тынчтык сүйлөшүүлөрүндө Москва Киевден нейтралитет тууралуу жобонун Конституцияга киргизилишин, жикчилердин эгемендигин таанууну жана аннексияланган Крымга көз артпоону талап кылганын билдирген.

Дагы караңыз

"Манас" аэропорту кадимки режимде иштеп жататБШК Муртазалиевдин каттоосун жокко чыгарды Украина Чернобыл АЭСи электр энергиясыз калганын билдирдиЖогорку Кеңеш Мадумаровду жоопко тартууга уруксат берген жок