БШК Элвира Сурабалдиевага депутаттык мандат тапшырды

Элвира Сурабалдиева.

Борбордук шайлоо комиссиясы 27-февралда өткөн Биринчи май округундагы кайра шайлоону уткан Элвира Сурабалдиевага депутаттык мандат тапшырды. Бул тууралуу боршайкомдун басма сөз кызматы билдирди.

Элвира Сурабалдиева 2015-жылы КСДП партиясынын тизмеси менен депутат болуп келген. 2020-жылы өткөн парламенттик шайлоого "Ата Мекен" партиясынын тизмеси менен катышкан. 2020-жылы Октябрь окуясынан кийин вице-премьер-министр болуп төрт ай иштеген.

Сурабалдиева 2021-жылы 28-ноябрда өткөн шайлоого катышкан эмес. Ал мажоритардык шайлоо системасы кайрадан киргенден кийин, бир мандаттуу округдан шайлоону уткан биринчи аял болуп калды.

БШК 27-февралда Свердлов округунда өткөн шайлоонун жыйынтыгын чыгара элек. 9-мартта аталган округдан биринчи орунду алган Абдурахманхажи Муртазалиевдин каттоосун добуш сатып алуу фактысы боюнча жокко чыгарды. Муртазалиев боршайкомдун чечимин сотко берген.

Дагы караңыз

Диплому боюнча суракта жүргөн мугалим өмүрүнө кол салганы маалымдалдыУкраинадагы кырдаал: Кыргызстанга оогон орусиялыктарЧек арадагы атышуу: Баткенде кыргыз-тажик сүйлөшүүсү өтөтПутин "ыктыярчыларды" Украинадагы согушка тартуу идеясын колдоду