УКМК Абжалиев 1,2 млн. долларды төлөп, абактан чыкканын билдирди

Алиярбек Абжалиев

Жогорку Кеңештин 6-чакырылышынын депутаты Алиярбек Абжалиев жабырлануучу тарапка 1,2 млн. АКШ долларын төлөп берди. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук кызматынан кабарлашты.

Мекеменин маалыматында, 11-мартта Биринчи май райондук соту тарабынан айыпталуучу Абжалиевдин бөгөт чарасы өзгөртүлүп, камактан бошотулду.

Алиярбек Абжалиев февралдын башында кармалган. УКМК анда атайын кызматка кайрылган ишкер мурда Жогорку Кеңештин депутаты болгон А.А аттуу жаран ага 2 млн. доллар чыгым келтиргенине даттанганын билдирген.

Жактоочу арызды айыпталуучунун уулу, Бишкек шаардык кеңешинин мурдагы депутаты Темирлан Токобековдун бизнес-өнөктөшү, ишкер Сухраб Жармухамедов жазганын кабарлаган.

Дагы караңыз

COVID-19: Бир күндө 13 бейтап катталып, бир адам каза болдуКайра шайлоо: бири-бирин айыптаган талапкерлерЖазгы талаа жумуштары үчүн 72 пайыз күйүүчү май даярКыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал боюнча жолугушуу башталды