Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:13

Жазгы талаа жумуштары үчүн 72 пайыз күйүүчү май даяр


Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков азык-түлүк коопсуздугу боюнча брифинг учурунда жазгы талаа иштери үчүн 41 миң тонна дизел жана 10 миң тонна бензин даярдалганын билдирди.

Министрлик жазгы талаа жумуштарын үзгүлтүксүз жүргүзүү үчүн өткөн жылдын декабрь айында Нефтетрейдерлер бирикмеси менен макулдашуу түзгөн.

Бул көлөм жазгы айдап-себүү иштерине зарыл болгон көлөмдүн 72 пайызын түзөт. Ун, кумшекер, өсүмдүк майына байланыштуу тартыштык жок. Өлкөдө ун чыгарган 31 ишкананын кампаларында кеминде 60 миң тоннадан ашык буудай сакталып турат.

“Кампаларда үч айдан беш айга чейин жете турган өсүмдүк майы жана кумшекер бар. Бул азыктар боюнча тынчсызданууга негиз жок. Мындан тышкары мамлекеттик материалдык резервдик фонддун кампасында да бул азыктардын жетишээрлик кору турат”, - Аскарбек Жаныбеков.

Өлкөдө 800 миң гектардай айдоо аянты бар. Кыргызстан өзүн картошка (123%), сүт (132%) жана жашылча-жемиш менен камсыздайт.

Кыргызстанда бир жылда 750 миң тонна буудай керектелет. Өткөн жылы 200 миң тоннадай буудай, 70 миң тонна ун импорттолгон.

10-марттан баштап Орусия Евразия экономикалык биримдигине кирген өлкөлөргө 31-августка чейин дан өсүмдүктөрүн жана кумшекерди экспорттоого тыюу салды.(JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG