Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:34

Кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал боюнча жолугушуу башталды


Кыргыз тажик чек арасындагы жолугушуу. 12-март. 2022-жыл
Кыргыз тажик чек арасындагы жолугушуу. 12-март. 2022-жыл

12-мартта Тажикстан менен чек арадагы акыркы кырдаалды талкуулаган эки тараптуу сүйлөшүү башталды.

Жолугушууга кыргыз тараптан президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев, УКМКнын Чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев жана облустук күч кызматтарынын жетекчилери менен чектеш райондордун акимдери катышууда. Тажикстан тараптан, Чек ара кызматынын жетекчиси Раджабали Рахмонали, Согд облусунун жетекчиси Ражаббой Ахмадзода жана жергиликтүү бийлик, укук коргоо кызматынын өкүлдөрү өкүлдөрү катышууда.

“Азаттык” радиосуна президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаевдин билдирүүсүндө жолугушууда чек ара аймактарында акыркы күндөрү катталган ок атышуулар, соңку окуялар эмне себептен чыкканы талкууланып, тынчтыкты сактоо чаралары боюнча сүйлөшүү жүрөт.

Эки өлкөнүн чек арачыларынын 10-март күнү түшкө жуук, 11-мартка караган түнү да чек ара аймагында ок атышуусу катталган. Окуяда Кыргызстан тараптан жабыркагандар жок экени айтылган. Тажик тарап бул окуя тууралуу расмий маалымат бере элек. "Азаттыктын" тажик кызматы өздүк булактарга таянып, окуядан тажикстандык бир чек арачы каза болуп, бир жөнөкөй тургун жараат алганын кабарлады.

Чек ара толук тактала элек болгондуктан ортодо түрдүү чыр-чатактар катталып келет. Бир жыл мурда куралдуу тиреште ондогон адамдардын өмүрү кыйылган.(JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG