Тажикстанда жарандык активист, “Комиссия 44” тобунун мүчөлөрүнүн бири Ифтихор Саидбеков 10-марттан бери камакта отурганын “Азаттыктын” тажик кызматы билдирди.
Тоолуу Бадахшан автоном облусунун административдик борбору Хорог шаарынын соту аны “милиция кызматкерине акаарат келтирди” деген айып менен 15 күнгө камакка алганы кабарланды.
«Комиссия 44» тобу Хорог шаарында былтыркы ноябрь окуяларынан кийин түзүлгөн, анын курамына жарандык активисттер кирген.
2021-жылдын 25-ноябрында тажик күч түзүмдөрү Шохдар айылында атайын операция жүргүзүп, жергиликтүү тургун Гулбиддин Зиёбеков өлтүрүлгөн. Натыйжада жүздөгөн адам Хорогдогу акимчиликке чогулуп, аны өлтүргөн күч кызматкерлерин жазалоону талап кылышкан. Каршылык акциясы беш күнгө созулуп, милициянын атайын отряды күч колдонуп, андан жабыркагандар болгон. Бийлик айыптууларды жазалоого убада бергенден кийин митинг таркаган. Бирок ошондон бери анын жазалоо убадасы ишке аша элек. (RK)
Дагы караңыз
Коронавирустан бир бейтап каза болуп, сегиз учур жаңы катталдыЖалал-Абадда күчү беш баллга жеткен жер титирөө катталды “Шереметьеводо” миңдеген кызматкер жумушсуз калганы кабарландыУкраин-орус сүйлөшүүлөрү жумушчу топтор форматында уланды