"Жаңы муун" сынагы жыйынтыкталды

"Жаңы муун" республикалык сынагынын жеңүүчүлөрү. 14-апрель, 2022-жыл.

14-апрелде Калый Молдобасанов атындагы улуттук консерваторияда республикалык "Жаңы муун" сынагы жыйынтыкталды. Сынак жаш музыканттарды колдоп, шык берүү, музыка сүйүүчүлөрдү көбөйтүү максатында экинчи жолу уюштурулуп жатат.

Маданият, маалымат, спорт, жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов экинчи жолу өтүп жаткан сынактын деңгээли өскөнүн жана бул жолу катышуучулардын саны да көп болгонун белгиледи.

Бул сынак 2021-жылы Маданият, маалымат, спорт, жана жаштар саясаты министрлиги жана Калый Молдобасанов атындагы улуттук консерваториясы тарабынан негизделген.

Адистер соңку жылдары Кыргызстанда классикалык музыканын айрым аспаптары менен аны үйрөтө турган мугалимдер таңкыс болуп баратканын айтып келет. Оркестрде арфа сыяктуу айрым аспаптар жок болуп, анын ордун айласыздан башкалар толуктап жатканы тууралуу дагы маселе көтөрүлгөн.

Кыргызстанда классикалык искусстводогу музыканттарды тарбиялай турган окуу жайлар – Калый Молдобасанов атындагы улуттук консерватория, Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жай. Андан сырткары Ош шаарындагы Ниязалы Борошев атындагы жана Каракол шаарында Ыбрай Туманов атындагы окуу жайлары, жалпысынан кошумча билим берүүчү 88 музыкалык мектеп бар.(JsA)

Дагы караңыз

Бишкекте манасчы аялдарга арналган лекция өттүКазакстан: Рузахуновду кыйноо боюнча кылмыш иши токтоп турганы айтылды Президенттин кеңешчиси "Манас айылы" боюнча коомчулукту адаштырбоого чакырдыСокулукта алдамчылык менен жер саткан дагы бир жаран кармалды