Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:30

Сокулукта алдамчылык менен жер саткан дагы бир жаран кармалды


Бишкектин четиндеги жаңы конуштардын бири.
Бишкектин четиндеги жаңы конуштардын бири.

Ички иштер министрлиги Сокулук районунун Новопавловка айыл аймагында айыл чарба багытындагы жерди үй курууга уруксаты бар деп сатып жиберген 50 жаштагы жаран кармалганын билдирди.

Маалыматта айтылгандай, шектүү камака алынып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Өткөн аптада Сокулук районунун акими Курбанбек Айтибаев Ак-Ордо конушунун жашоочулары менен жолугушуп, жыл башынан бери эле 13 адам жер мыйзамдарын бузганы үчүн кармалганын билдирген. 2021-жылы "Жер тилкелерин которуу (трансформациялоо) жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизилип, жаңы конуштардагы мыйзамсыз салынган турак жайларга документ бериле турганы расмий жарыяланган. Мындан кийин ортодо жерлерди алдап бир нече кишилерге же айыл чарба багытындагы жерлерди саткан шылуундардын пайда болгону айтылып, нааразы болгондор көбөйгөн.

9-апрелде президент Садыр Жапаров "Жерлерди өзүм билемдик менен мыйзамсыз ээлеп алуу фактыларын алдын алуу жана болтурбоо боюнча чаралар жөнүндө" жарлыкка кол коюп, өкмөткө, укук коргоо органдарына көзөмөлдү күчөтүүнү тапшырган.

Быйыл мартта Жогорку Кеңеш өлкө боюнча мыйзамсыз турак жай курулган 30 миң гектар жерди документтештирүү тууралуу мыйзам долбоорун кабыл алган. Ал аянтта 105 миң турак жай, 16 миңге чукул пайдубал уруксатсыз тургузулганы расмий айтылган. (JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG