Кыргызстанда биолаборатория куруу маселеси Москвада талкууланды

Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстан өлкө аймагында BSL3 биологиялык лабораториясын курууга каршы экендигин Москвада өткөн жыйында билдиргенин 19-апрелде Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады. Мекеменин маалыматына караганда, Орусиянын борборунда өткөн кыргыз-орус соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтыгы боюнча өкмөт аралык комиссиянын кезектеги отурумунда саламаттык сактоо тармагындагы мамилелер да талкууланды.

Кыргызстандын аймагында биологиялык лаборатория куруу долбоору боюнча маселе да көтөрүлүп, Кыргызстан ага каршы экенин билдирди.

Интернеттеги ачык маалыматка караганда, биологиялык коргоо жана коопсуздук боюнча лаборатория куруу тууралуу келишимге Кыргызстан жана Канада 2008-жылы кол коюшкан. Эгер ал ишке ашса, лаборатория Бишкектеги Ботаникалык бактын аймагында курулмак. (RK)

Дагы караңыз

Казакстандагы кыргыздар: байланышты үзгөн эки жылУлуттук банк валюта рыногунда жасалма доллар көбөйгөнүн билдирдиАк үй Байдендин Киевге баруу планы жок экенин билдирдиЗеленский орус армиясы Донбасска чабуул койгонун билдирди