Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июнь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:06

Ак үй Байдендин Киевге баруу планы жок экенин билдирди


Жо Байден.
Жо Байден.

АКШ президенти Жо Байдендин Киевге баруу планы жок. Бул тууралуу Ак үйдүн басма сөз катчысы Жен Псаки билдирди.

"Президенттин Киевге барышы пландалган эмес. Мен муну кайталап коеюн", - деди Псаки журналисттерге.

Украинанын президенти Владимир Зеленский Байденди АКШнын Орусияга каршы күрөшүн колдорун согуш болуп жаткан борборго баруу менен көрсөтүүгө үндөгөн.

Зеленский 17-апрелде Байден келет деп ойлогонун, бирок чечим АКШнын президентине таандык экенин жана коопсуздук абалына жараша болорун айткан.

17-апрелде Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба CBS телеканалына украин президенти Владимир Зеленский менен АКШ президенти Жо Байдендин жеке жолугушуусуна кызыкдар экенин билдирген.

"Эки президенттин жеке жолугушуусу Украинага америкалык курал-жарактын жеткирилишине жана жаңжалды саясий жол менен жөнгө салууга жол ачышы мүмкүн", - деген Кулеба.

Ак үй Байдендин ордуна мамлекеттик катчы Энтони Блинкен же коргоо министри Ллойд Остин өңдүү жогорку даражалуу аткаминерлерди жөнөтүү ыктымалдыгын билдирди.

Псаки эгер АКШнын расмий өкүлү бара турган болсо, "коопсуздук үчүн ким, качан экенин билдирбейбиз" деп ачык айтты.

Псаки АКШнын Киевдеги элчилигинин кайра иштей башташына үмүттөнөрүн, бул өтө маанилүү экенин билдирди.

Буга чейин бир нече европалык лидерлер Киевге барып, Владимир Зеленскийге жолуккан. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG