Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:31

Парламент депутаттары Кумтөр кенине барат


Кумтөр кени.
Кумтөр кени.

Жогорку Кеңештин депутаттары Кумтөр алтын кениндеги абал менен таанышат. Парламенттин басма сөз кызматы билдиргендей, Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетинин көчмө жыйыны бүгүн, 19-апрелде Ысык-Көлдө өтөт.

Расмий кабарда жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманова жана "Улуу көчмөндөрдүн мурасы" Улуттук холдингинин башкармалыгынын төрагасы Тенгиз Бөлтүрүк Кумтөрдөгү абал боюнча маалымат берери айтылды.

Президент Садыр Жапаров 4-апрелде кайрылуу жасап, “Центерра Голд” компаниясы менен доо арыздан баш тартуу жана ортодогу талаш маселелерди чечүү боюнча келишимге кол коюлганын жарыялаган.

Мамлекет башчы мындан ары "Кумтөр Голд Компани" ишканасынын 100% акциясы Кыргызстанга таандык экенин айткан. Келишимдин шарттары оптималдуу болгонун жана улуттук кызыкчылыкка төп келгенин билдирген. Бул үчүн Кыргызстан "Центерра Голд" компаниясындагы 26 пайыздык акциясын өткөрүп, эки тарап доолордон баш тартат.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров "Азаттык" радиосуна курган маегинде, Кумтөр алтын кени боюнча юридикалык маселелердин бардыгы апрель-май айларында жөнгө салынып, кыргыз алтынын дүйнөгө сатууга жол ачыла турганын билдирген.

13-апрелде "Бириккен демократиялык кыймыл" Бишкекте жыйын өткөрүп, Кумтөр кени боюнча "Центерра Голд" менен келишимден баш тартууга мүмкүн экенин айткан. Алар Кыргызстандын Кумтөр боюнча келишими менен өлкө "Центерра Голд" акцияларынан кол жууп, экологиялык чыгымдарды өзүнө алганын утулуш деп эсептейт. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG