Садыр Жапаров азербайжандык ишкерлерди Кыргызстанга инвестиция салууга чакырды

Президент Садыр Жапаров азербайжандык бизнес өкүлдөрү менен жолугушуусу, Баку. 20-апрель, 2022-жыл.

Президент Садыр Жапаров Азербайжанга иш сапары учурунда азербайжандык бизнес өкүлдөрү менен жолугуп, Кыргызстанга инвестиция салууга чакырды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Жолугушууга мунай өндүрүү, курулуш, туризм, энергетика, телекоммуникация, жогорку технологиялар, айыл чарба, тоо кендерин иштетүү, камсыздандыруу тармагындагы ири компаниялардын жетекчилери катышкан.

Жолугушууда президент Садыр Жапаров келечектүү тармактарга токтолуп, потенциалдуу инвесторлорду Кыргызстандагы экономикалык долбоорлорду ишке ашырууга катышууга чакырды.

Азербайжандын экономика министри Микаил Жаббаров эки өлкөнүн президенттеринин ийгиликтүү сүйлөшүүлөрүнөн кийин соода-экономикалык жүгүртүүнү жана инвестицияны көбөйтүүгө жагымдуу шарттар түзүлгөнүн белгилеген. Жолугушууда суроо-жооптор болду.

Кыргызстандын Инвестициялар боюнча улуттук агенттиги менен Азербайжан Республикасынын Экспортту жана инвестицияларды илгерилетүү агенттигинин (AZPROMO) ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлду.

Жапаров расмий сапары менен Азербайжандын борбору Баку шаарына 19-апрелде барды. 20-апрелде Баку шаарындагы “Загулба” президенттик сарайында президенти Садыр Жапаров менен Азербайжан Республикасынын президенти Ильхам Алиевдин расмий жолугушуусу өттү. (JsA)

Дагы караңыз

Бюджеттеги 43 миллиард сомдук дал келбестик маселеси талкууландыТажикстанга жер семирткич жана суу май өткөрүп жаткандар кармалдыБолот Темировго козголгон кылмыш иштери, тендер тууралуу иликтөө Алматыда кыйноого кабылган Чолпонбек Сыдыковдун укугун эки өлкөнүн адвокаттары жактайт