Казакстан орусиялык "Спутник V" вакцинасын чыгарууну токтотту

Караганды фармацевтикалык заводу Орусиянын өндүрүшүндөгү коронавируска каршы “Спутник V” вакцинасын чыгарууну токтотту.

Бул тууралуу 28-апрелде Казакстандын башкы мамлекеттик санитардык дарыгери Айжан Есмагамбетова билдирди. Анын айтымында, Казакстандын кампасында COVID-19 вакцинасынын 4 миллиондон ашык дозасы бар жана бул көлөм "эмдөө жана ревакцинация үчүн жетиштүү", - деп белгиледи Есмагамбетова.

Башкы санитардык дарыгер азырынча вакциналар кошумча чыгарылып, сатылып алынбай турганын белгиледи.

"Биз азырынча вакциналарды кошумча сатып албайбыз. Вакциналардын керектелишине, кандайча колдонулуп жатканына карайбыз. Биз “Спутник V” вакцинасын сатып алууну пландаган жокпуз. Азыр Караганды фармацевтикалык заводу вакцина чыгарып баштай электе өндүргөн дары-дармектерин эле чыгарат", - деди Есмагамбетова.

Казакстанда Орусиянын “Спутник V” вакцинасы менен массалык эмдөө 2021-жылдын февраль айында башталган. Ал кезде вакцина Казакстанда расмий катталган эмес.

Казакстандык бизнесмен Кайрат Боранбаев башкалар менен чогуу кожоюндук кылган Караганды шаарындагы фармацевтикалык комплекс Орусиянын өндүрүшүндөгү коронавируска каршы “Спутник V” вакцинасын өз алдынча чыгарып келген. Аны казак мамлекеттик мекемелери сатып алат. Ал мурдагы президент Нурсултан Назарбаевдин тун кызы Дарига Назарбаеванын кудасы.

Казакстандын Финансылык мониторинг боюнча агенттиги 17-мартта бизнесмен Кайрат Боранбаев кармалганын кабарлаган. Расмий маалыматта ал “мамлекет менен бирге түзүлгөн ишканада ири суммадагы каражатты уурдоого” айыпталып жатканы айтылат. (КЕ)

Дагы караңыз

Араван: миң гектар жерди ижарага берүүнүн мыйзамдуулугу талкууланды Данияр Жаныкулов: депутат Нурбаев тууралуу президентке кайрылабыз ЖК: Оштогу президенттин өкүлүнүн орун басарына чара көрүү маселеси көтөрүлдү Байден Украинага жардам берүү үчүн Конгресстен 33 млрд. доллар сурадыКыргызстанга кирүүдө ПЧР-тест талап кылуу жокко чыгарылды