Өзбекстан Ооганстандын аба мейкиндигин бузганын четке какты

Өзбек-ооган чек арасында аскердик машыгуу учурунда тартылган сүрөт. Иллюстративдик сүрөт.

Өзбекстандын Коргоо министрлиги "Спутник" агенттигинин "Өзбекстандын учкучсуз аппараты Ооганстандын аба мейкиндигин бузганы" тууралуу маалыматын четке какты.

"Өзбекстандын Аскер-аба күчтөрү кошуна мамлекеттердин аба мейкиндигин бузган жок. Коргоо министрлигинин учкучсуз, истребителдик жана чабуулчу учактары так белгиленген тартипте күжүрмөн нөөмөттө турушат", — деп айтылат 1-май күнкү расмий билдирүүдө.

Дагы караңыз "Ислам мамлекети" Өзбекстанга ракета аттыбы?

"Спутниктин" ооган кызматы өзбек армиясынын "Байрактар" үлгүсүндөгү учкучсуз аппараттары Мазари-Шариф шаарынын үстүнөн учканын 30-апрелде жазган. (SE)

Дагы караңыз

Садыр Жапаров диний сабатсыздардын жетегинде калбоого чакырдыБишкектеги эски аянтта Айт намазы окулдуАрменияда тургундар Тоолуу Карабак боюнча митингге чыгышты