Рахмон Кыргызстан менен мамилени чыңдоону өнүктүрүүгө ишенерин айтты

Эмомали Рахмон.

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровго Орозо айтка байланыштуу жолдогон куттуктоосунда эки элдин ортосунда "пайдалуу кызматташтык мамилелерди чыңдоого, биргелешкен жаратмандык өнүгөрүнө ишенерин" айтты. Рахмондун куттуктоосу кыргыз президентинин сайтына жарыяланды.

2-майда дүйнө мусулмандары Орозо айт майрамын белгилешүүдө. Бул күнгө байланыштуу Садыр Жапаровдун атына бир катар мамлекет башчылары куттуктоолорун жолдоду.

Мурдараак президент Жапаров Фейсбукка жарыялаган кыргыз элине куттуктоосунда биримдик, кошуналар менен ынтымакта болуу керектигин белгилеген.

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда ондогон адамдын өмүрүн алган ири куралдуу кагылышууга бир жыл болду. Былтыр 28-апрелде башталган кагылыш үч күнгө созулуп, 36 кыргызстандык курман болгон жана 170тен ашык тургун жараат алган. Жаңжалда бир катар үйлөр, социалдык объектилер жарактан чыккан.

Тажикстан 19 жараны мерт болгонун кабарлаган. Эки өлкө бирин-бири айыптап, кылмыш иштери козголгон.

Андан бери да чек арада улам-улам жаңжал чыгып, жергиликтүү тынч жактарга убактылуу качкан окуялар катталып келүүдө.

Расмий маалыматтарда жаңжалдар чек ара такталбаган жерлердеги талаштуу тилкелерден болору айтылат. Кыргызстандын президенти ортодо такталбаган 308 чакырым калганын быйыл апрелде билдирген. Тажик президенти чек араны тактоо иштеринин дээрлик 70% бүткөнүн белгилеген.(SE)

Дагы караңыз

Сегиз тоннадан ашык сүттү дарыяга төккөн кишинин тек-жайы такталдыАрменияда тургундар Тоолуу Карабак боюнча митингге чыгыштыСадыр Жапаров диний сабатсыздардын жетегинде калбоого чакырдыОрусияда 1-майдагы акцияларда 200дөн ашуун адам кармалдыЭки жылдык чектөөдөн кийин аянтта окулган Айт намазыКыргызстан менен Түркиянын президенттери Бишкекте стратегиялык кызматташтыкты талкуулайт