Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:19

Кыргызстан менен Түркиянын президенттери Бишкекте стратегиялык кызматташтыкты талкуулайт


Түркия менен Кыргызстандын желектери.
Түркия менен Кыргызстандын желектери.

Кыргызстан менен Түркиянын президенттери Садыр Жапаров жана Режеп Тайып Эрдоган Бишкекте стратегиялык кызматташтыкты талкуулашат. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кабарлады. Мамлекет башчылардын жолугушуусу быйылкы жылга пландалганы маалымдалды, бирок так датасы айтылган жок.

Бул маселе 1-майда эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери Жээнбек Кулубаев менен Мевлүт Чавушоглу телефондогу сүйлөшүүсүндө талкууланган.

Чавушоглу Кулубаевди министр болуп дайындашышы менен куттуктады. Алар жакын арада министрлердин деңгээлинде Биргелешкен стратегиялык пландоо тобунун жыйынын өткөрүүнү да макулдашышты.

Расмий маалыматта Кыргызстандын министри Орусия менен Украинанын ортосундагы согушту жайгарууда Түркиянын ортомчу ролун белгилегени тууралуу учкай айтылат.

Анкара буга чейин Киев менен Москвага сүйлөшүү үчүн аянтча сунуштап, Украинанын жана Орусиянын делегациялары Түркияда жолугушкан. (SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG