Кыргыз-өзбек чек арасы боюнча жумушчу топ жолукту

Жумушчу топтун Бишкектеги жолугушуусу.

5-7-май күндөрү Бишкекте Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы мамлекеттик чек араны тактоо боюнча жумушчу топтун жолугушуусу болду. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Жолугушууда тараптар кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын демаркациялоо жараянын жөнгө салуучу ченемдик-техникалык документтердин долбоорлорун талкуулап, макулдашты. Иш-чаранын жыйынтыгында протоколго кол коюлду. Жумушчу топтун кезектеги жолугушуусу Өзбекстанда болот.

Буга чейин 5-майда Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районуна караштуу Актам айыл өкмөтүндөгү Дөбө-Коргон деген жерде Өзбекстандын чек арачылары кыргызстандык үч жаранга курал колдонуп, үчөө тең ооруканада каза тапкан. Баары бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү - 48 жаштагы атасы, 22 жана 24 жаштагы уулдары набыт болгон. Маркумдардын туугандары ок атуунун себебин түшүнбөй турганын айтышкан.

Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Өзбекстандын тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Владимир Норов 6-майда телефон аркылуу сүйлөшүп, чек арада адам өмүрү кыйылган окуяны талкуулашкан.

Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы чек аранын узундугу 1378 чакырым. 2017-жылкы макулдашуунун негизинде чек ара сызыгынын 1170 чакырымы (85%), андан бери дагы 13% жакыны такталган.

Эки өлкөнүн чек арасында жалпысынан 15 өткөрмө бекет бар. (BCh)

Дагы караңыз

Киев “Азовсталдан” аялдар, балдар, карылар толук эвакуацияланганын кабарладыӨкмөт кыргыз-казак чек арасында “көмүскө схемалар” бар экенин билдирдиCадыр Жапаров манасчы Дөөлөт Сыдыков боюнча пикирин айттыМанасчынын өлкөдөн кетиши: президент жооп кайтарды