Бишкек мэриясында кадрдык өзгөрүүлөр болду

Жамалбек Ырсалиев.

Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри Жамалбек Ырсалиев кызматтан бошотулуп, "Бишкек жылуулук-энерго" коммуналдык ишканасынын директору болуп дайындалды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы 10-майда билдирди.

Вице-мэри болуп шаардык кеңештин депутаты (Өнүгүү-Прогресс) Олег Попиков дайындалган.

Ырсалиев мэрияга жетекчилик кызматка 2020-жылдын ноябрында келген. Алгач вице-мэр болуп иштеп, 2021-жылдын июнунда биринчи вице-мэрликке дайындалган.

Ушул жылдын февраль айында Бишкекке жаңы мэр келген. Президенттин жарлыгына ылайык, бул кызматка Эмилбек Абдыкадыров дайындалган. (МТа)

Дагы караңыз

Украинада согуштан жабыркаган карапайым тургундар 7 миңден аштыКүйөөдөн көргөн кордукКазакстанга жиберилген аскерлердин маянасы жакын арада төлөнөрү айтылдыПрезидент санарип валютаны киргизүү маселеси каралып жатканын билдирди