Аба ырайы: айрым райондордо жаан жаайт

Иллюстрация.

Кыргызгидромет 21-23-май күндөрү Кыргызстанда туруксуз аба-ырайы күтүлөрүн билдирүүдө. Кээ бир райондордо жаан-чачын катуу болуп, мөндүр, катуу шамал менен коштолот. Мындай аба-ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда мал кармоону кыйындатат.

22-майда кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бийик тоолордо жаан карга айланат. Көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Айрым аймактарда шамалдын күчү секундасына 15-20 метрге жетиши мүмкүн.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 12...17, күндүз 15...20,

Талас облусунда түнкүсүн 9...14, күндүз 13...18,

Баткен, Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн 12...17, күндүз 18...23,

Нарын облусунун дыйканчылык зоналарында түнкүсүн 4...9, күндүз 14...19,

Ысык-Көлдө түнкүсүн 7...12, күндүз 14...19,

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -3...+2, күндүз 1...6°.

Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 15…17, күндүз 17…19 градус жылуу болот.

Дагы караңыз

Министр Бейшеналиев Чаткалдагы шыбы урап калган мектепке бардыОрусияда Каспаров менен Ходорковский "чет элдик агент" деп таанылды"Чоң жети" Украинанын каржы системасын чыңдоого 19,8 миллиард доллар бөлөтУлуттук наркты сактоо жөнүндө программа иштелип чыгат