Тоолуу Бадахшандын бейрасмий лидери Мамадбокир Мамадбокиров өлтүрүлдү

Мамадбокир Мамадбокиров.

Тажикстандагы Тоолуу Бадахшан автоном облусунун бейформал лидери Мамадбокир Мамадбокиров Хорог шаарында 22-майда өлтүрүлдү. Бул тууралуу маалыматты Ички иштер министрлигинин облустагы башкармалыгы кабарлады.

“Жекшемби, саат 17:30да Хорогдо ички криминалдык топтордун ортосундагы чырдын натыйжасында Мамадбокир Мамадбокиров өлтүрүлдү”, - деп жазылган анда. Расмий билдирүүлөрдө Мамадбокиров “Бархорог маале уюшкан кылмыштуу тобунун башчысы” деп аталып келген. Учурда облустун прокуратурасы окуя боюнча иликтөө баштаганы айтылды.

Кабарды "Азаттыктын" тажик кызматы - “Озоди” радиосуна Хорогдогу үч көз карандысыз булак тастыктады. Алардын маалыматына ылайык, Тоолуу Бадахшандын бейрасмий лидери өзү жашаган Бархорог кичи районунун Бойни маалесинде өлтүрүлгөн.

Дагы караңыз "Биз өгөй баладайбыз". Тоолуу Бадахшандагы чыңалууга эмне себеп?

Мамадбокиров Тажикстандын чек ара кызматынын мурдагы офицери болгон. Анын аты Хорогдогу башаламандыктарда көп айтылып келген.

Тажикстандын Ички иштер министрлиги 17-майда тараткан билдирүүсүндө Хорогдогу соңку башаламандыктарды уюштурууга Мамадбокир Мамадбокиров, чет жактагы оппозициялык саясатчы Алим Шерзамонов жана көз карандысыз журналист, укук коргоочу Улфатхоним Мамадшоеваны айыптап, аларга карата кылмыш иши козголгон.

Дагы караңыз

Украинада согуштук абал дагы 90 күнгө узартылды"Медиазона": Украинадагы согушта кеминде 2622 орусиялык аскер каза болдуОшто эки күндөн бери таза суу берилбей турат Польшанын президенти Анжей Дуда күтүүсүз сапар менен Киевге барды