Чукул кабар: катуу жамгыр жаайт, сел коркунучу жогору

Май айындагы катуу жааган жаандан улам өлкөнүн дээрлик бардык аймагында сел жүрдү.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аба ырайыга байланыштуу чукул кабар таратты. Ага ылайык, 27-29-май күндөрү маал-маалы менен жамгыр жаайт, айрым региондордо жаан катуу жаашы ыктымал, бийик тоолуу жерлерге кар түшөт. Абанын температурасы төмөндөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, ал эми кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши мүмкүн.

"Мындай туруксуз аба-ырайы айдоочулардын, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат жана жайыттарда малчылардын түйшүгүн көбөйтөт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо сел жүрүшү, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү ыктымал", деп айтылат министрлик тараткан маалыматта.

Май айындагы катуу жааган жаандан улам өлкөнүн дээрлик бардык аймагында сел жүрүп, бир топ турак-жай жарактан чыкты. Короолор, жолдор жана көпүрөлөр бузулуп, ондогон гектар айдоо аянтын сел жууп кетти.

Дагы караңыз

Бишкек төрагалык кылган Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин саммити өтөт Түндүк-Түштүк кошумча жолу: таш кулаган тилкенин жанына убактылуу жол салынды Улуттук наркты сактоо программасы боюнча талкуу өтөт Ош менен Жалал-Абаддагы аскердик машыгуулар аяктады