Бишкекте кызды урууга шектелип кармалган жаран коё берилди

Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек шаарынын тургуну Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнө 28-майда көчөлөрдүн биринде бейтааныш киши кол салганын айтып, арыз менен кайрылган. Аталган факт реестрге катталып, соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Кызды урууга шектелип 40 жаштагы киши милиция бөлүмүнө алып келинген. Милициянын маалыматында тийиштүү тергөө иштери жүргүзүлүп, экспертизанын жыйынтыгы чыккандан кийин кайра келүү шарты менен бошотулган.

28-майда Бишкек шаарынын тургуну өзүнүн Инстаграмдагы баракчасында оозу, бети көк ала болгон сүрөтүн чыгарып, бейтаныш киши сабап кеткенин жарыялаган. (TSh)

Дагы караңыз

Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүн мамлекетке өткөрүүдө талаш чыкты “Кумтөр Голд Компани” Тоо-кенчилер бирикмесинин башчысына жооп бердиПрезидент Кумтөр кенинин экологиялык абалы боюнча жооп берди