1-июндан баштап Кыргызстанда багууга жана көзөмөлгө муктаждар жашы 18ге толсо да алардын жеке ассистенти үчүн каражат төлөнө берет. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен кабарлашты.
18 жашка чейинки курактагы майыптыгы бар баланы бакканы үчүн жеке ассистентке же камкорчуга мамлекеттик бюджеттен 4900 сом өлчөмүндө айлык акы төлөнүп келген. Бала 18 жашка толгондо айлык төлөө токтотулчу.
1-июндан тартып айлык акы төлөө улантылат жана анын өлчөмү 4900 сомдон 6300 сомго жогорулатылат.
Камкорчуга айлык төлөө системасы 2019-жылдын 1-январында кирген. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, Кыргызстанда майыптыгы бар балдардын саны 30 миңдин тегерегинде, алардын 6 миңи "ар дайым багууга жана кароого муктаж" деген корутунду менен каттоодо турат. (JsA)
Дагы караңыз
Садыр Жапаров бала тарбиялоодогу ата-эненин жоопкерчилигин эскерттиБУУ: Украинадагы согуш 4 миңден ашуун жай тургундун өмүрүн алды"Жол-жобосу бүгүнкүдөй болбош керек". ККМге нааразылыкОмар Султанов Женевадагы БУУнун жана башка эл аралык уюмдардагы туруктуу өкүл болуп дайындалды