Рим папасы Франциск Орусия баштаган согушта азык-түлүк куралга айланбашы керектигин эскертти.
Понтифик Ватикандагы таат учурунда Украинадан буудайды экспорттоого бут тосууга кабатыр экенин билдирип, өзгөчө жакыр өлкөлөрдө буудайга миллиондогон киши көз каранды экенин белгиледи.
Франциск маселени чечүү, адамдардын тамак-ашка болгон укуктарына кепилдик берүү үчүн бар аракетти көрүүгө чакырды.
24-февралда Украинага басып киргенден бери Орусия өлкөнүн портторун бөгөттөп, буудай жүктөлгөн кемелердин деңизге чыгышына тоскоолдук жаратууда. Киев Москваны буудайды уурдап, өз аймагына ташып жатканы үчүн айыптап келет.
1-июнда Кремл азык-түлүк кризиси каптаса, ал үчүн жоопкерчилик Батыш Орусияга салган санкцияларга жана Киевдин аракеттерине жүктөлөрүн билдирди.
Дагы караңыз
Тбилисинин вице-мэринин өлүмү териштирилүүдөЗеленский: Украина салгылашууларда күнүгө 60-100 жоокеринен айрылып жататӨзбекстан буудай кампасын шашылыш толтуруудаАКШ Украинага эң алдыңкы ракеталык системаны берет