Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:17

АКШ Украинага эң алдыңкы ракеталык системаны берет


Кошмо Штаттардын HIMARS жогорку мобилдүү артиллериялык ракеталык системасы.
Кошмо Штаттардын HIMARS жогорку мобилдүү артиллериялык ракеталык системасы.

Украинанын Донбасс облусундагы салгылашууда эки тарап тең чоң жоготууга учурап жатканы кабарланды. Северодонецк шаарынын көп бөлүгү орус аскерлеринин көзөмөлүнө өттү. Ал арада Вашингтон Киевге алдыңкы ракета системасын бере турганы маалым болду.

Кошмо Штаттар Украинага HIMARS жогорку мобилдүү артиллериялык ракеталык системаларды берет. Вашингтон Киев бул ракеталар менен Орусиянын аймагын аткылабайт деген шарт менен жөнөтүүгө макул болду.

АКШ президенти Жо Байден The New York Times басылмасына АКШ НАТО менен Орусиянын ортосунда согушту каалабасын жана Украинадагы согушка түздөн-түз аралашпай турганын кошумчалады.

HIMARIS системасы 80 чакырымга чейинки аралыкка сокку урууга жөндөмдүү. Алар Украинага 700 миллион долларлык аскердик жардамдын алкагында жөнөтүлөт. Бул пакетте андан башка тик учактар, аскердик автоунаалар жана Javelin танктарга каршы ракеталык системалары бар.

Буга чейин Киев Кошмо Штаттардан узак аралыкка жетчү M270 MLRS жана M142 HIMARS ракеталык системаларын сураган. Алар бир маалда 300 чакырымга жеткен бир нече ракета менен ата алышат.

Бирок Вашингтон дал ушул HIMARS системасын берүүнү чечти жана алар Донбасста жайгаштырылат деп ишенет.

Ушул эле күнү Германия дагы Украинага эң алдыңкы абадан коргонуу системасын бермей болду. Бул тууралуу канцлер Олаф Шольц 1-июнда билдирди.

"Германиянын өкмөтү жаңы эле биздеги эң заманбап IRIS-T абадан коргонуу системасын Украинага жөнөтүүнү чечти. Бул Украинанын ири шаарларын орустардын аба соккусунан коргоого мүмкүнчүлүк берет",-деди Шольц.

Апрель айынын соңунда Орусиянын президенти Владимир Путин “сырттан кимдир бирөө” Украинадагы кырдаалга аралашса жана Орусияга стратегиялык мүнөздө коркунуч жаратса, Москва “чагылгандай сокку” ура турганын эскерткен.

Северодонецктин көп бөлүгү орус армиясынын карамагына өттү

Донбасстагы Севердонецк шаарында айыгышкан салгылашуу уланып жатат. Луганск облусунун губернатору Сергей Гайдай билдиргендей, калаанын 70% орус күчтөрүнүн карамагына өттү.

Гайдай маалымдагандай, орус аскерлеринин соккусу Северодонецкидеги химиялык заводдо сакталып турган азот кислотасынын цистернасына тийген.

Ал эми Луганскидеги орусиячыл жикчилдер цистернаны украин аскерлери жардырганын айтууда. Согуш маалында маалыматты текшерип, чындыкты тез аныктоо мүмкүн эмес. Гайдай азот кислотасы ден соолукка зыяндуу экенин айтып, калаада калган тургундарды көчөгө чыкпоого, беткап кийүүгө чакырды.

Украин президенти химиялык заводго жасалган чабуулду "акылга сыйбайт" деп айыптады. Ал украин куралдуу күчтөрү Херсон шаарынын жанында ийгиликке жеткенин, Харьков облусунун айрым жерлеринде алга жылып жатканын билдирди.

Маалыматты Британиянын чалгын кызматы да бышыктады. 1-июнда жарыялаган баяндамасында "шаардын көп бөлүгүн орус аскерлери басып алды, алардын ичинде чечен жоочулары да бар" деп жазылган. Ошондой эле билдирүүдө Донбасстан башка аймактарга да Орусия ракеталык соккуларды уруп жатканы айтылат.

Качкындар иштери боюнча Норвегия кеңеши билдиргендей, Северодонецкиде 12 миңдей адам куроодо калып, жардамга муктаж.

Кармаштагы жоготуулар

Украинанын президенти Владимир Зеленский куралдуу кармаштарда күнүгө 60-100 жоокеринен айрылып жатканын Newsmax америкалык интернет басылмасына берген интервьюда билдирди.

“Украинанын чыгышында абал оор. Күнүнө 60тан жүзгө чейин жоокерибиз окко учуп жатат, 550 чактысы жарадар болууда. Коргонуу позицияларыбызды кармап турабыз”, - деп айтты Зеленский.

Президент канча карапайым кишинин өмүрү кыйылганын так аныктоо азырынча мүмкүн эмес экенин айтып, айрым аймактар оккупацияда калганын, урандылардын астында сөөктөр болушу ыктымал экенин белгиледи.

Апрелдин ортосунда Зеленский CNN телеканалына курган маегинде Орусия басып киргенден бери 2,5-3 миң украин жоокери набыт болгонун, он миңдейи түрдүү жараат алганын айткан.

Согушкан тараптар өз жоготуулары тууралуу маалыматты сейрек ачыкка чыгарат. Орусиянын Коргоо министрлиги мартта 1531 аскери каза тапканын билдирип, ошондон бери маалымат жаңылана элек.

31-майда Би-Би-Си Украинада 3 миңден ашуун орус аскери набыт болгонун билдирип, алардын ысымдарын да атаган.

Басылманын иликтөөсүндө каза болгон 3052 аскердин 152си улук офицерлер - майордон генералга чейин, 405и кенже офицерлер. Жалпы аскерлердин 20 пайызы мотоаткычтар, 19% аба-десанттык аскерлер болгону айтылат.

БУУнун адам укуктары боюнча комиссариаты Орусия кол салгандан бери украин жергесинде дээрлик 4 миң жөн-жай киши каза тапканын 25-майда билдирген.

Украинанын биринчи айымы Олена Зеленская.
Украинанын биринчи айымы Олена Зеленская.

Ал арада Украинанын биринчи айымы журналисттерге маек куруп, балдары жанында экенин, күйөөсү менен сейрек көрүшөрүн айтты.

"Балдарым жанымда. Биз жашообузду бири-бирибизден бөлүнбөгүдөй кылып уюштура алдык. Кызым быйыл мектепти аяктайт. Анын өмүрүндөгү маанилүү учур ушундай өлкөбүз үчүн оор учурга туш келди. Бүтүрүү кечеси болбойт. Мектепти аралыктан окуп жатат. Украинадагы эле жогорку окуу жайларга тапшырат".

Украинанын биринчи айымы 17 жаштагы кызы Александра жана тогуз жаштагы уулу Кирилл менен согуш тууралуу ачык талкуулап, кызы чоңоюп калгандыктан өлкөдөгү кырдаалды түшүнөрүн кошумчалады.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG