Грузияда баш калаа Тбилисинин мэринин орун басары Илья Элошвилинин сөөгү өз үйүндө табылды. Ички иштер министрлиги 1-июнда билдиргендей, анын өлүмүнүн себептери тергеле баштады.
Окуянын чоо-жайы белгисиз. Бул тууралуу “Азаттыктын” грузин кызматы жазды.
47 жаштагы Элошвили шаар жетекчиси, мурдагы энергетика министри Каха Каладзенин жакын өнөктөшү болчу.
Маркум энергетика министринин орун басары, кийин 2012-2017-жылдары министр болуп эмгектенген. Артында аялы менен эки баласы калды.
Facebook шеринеси