Алымкадыр Бейшеналиев бир айга камакка алынды

Алымкадыр Бейшеналиев.

Кызматынан убактылуу четтетилген саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев бир айга камалды. Ал Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында кармалат. Мындай чечим бүгүн 4-июнда Октябрь райондук сотунда чыкты.

Бейшеналиев 2-июнда кармалган. Башкы прокуратура ага карата “коррупция”, “опузалап пара алуу”, “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана билип туруп пайдасыз келишим түзүү” деген беренелердин негизинде жалпысынан жети кылмыш иши козголгонун билдирген. Ошол эле күнү Башкы прокуратура COVID-19га каршы вакцина сатып алуудагы жемкорлук боюнча Саламаттык сактоо министрлигинин үч жетекчи кызматкери кармалганын билдирген.

Мекеменин маалыматына караганда, Саламаттык сактоо министрлиги боюнча текшерүү жүргүзүлүп, мамлекетке 54,8 миллион сом өлчөмдө зыян келтирилгени аныкталган.

4-июнда президенттин тескемеси менен саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев жана башкы прокурор Курманкул Зулушев ишинен убактылуу четтетилди. Буга экөөнүн ортосундагы жеке мамиле да себеп экени айтылды.

4-июнда Бейшеналиев бөгөт чарасы каралып жаткан сот залында журналисттердин суроосуна жооп берип жатып Зулушев аны быйыл январь айында Улуттук госпиталдын Травматология бөлүмүн оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу каматарын айтканын билдирди.

Бейшеналиевдин адвокаты Кайсын Абакиров жүрөк оорусуна байланыштуу аны камакка албоо тууралуу өтүнүч келтирген. (RK)

Дагы караңыз

УКМКнын окуу-машыгуу борбору ачылдыПрезидент Баткенде жараат алган эки жоокерден кабар алды Башкы прокурордун милдетин аткаруу Абай Молдокматовго жүктөлдү