Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Аримжан айылында муктаж үй-бүлөлөргө 100 батирлүү 25 үй курулду. Үйлөрдү пайдаланууга берүү иш-чарасы 5-июнда өттү.
Салтанатка долбоорго демөөрчүлүк кылган кувейттик "Ас-Сафа борбору" коомдук бирикмесинин өкүлдөрү, жергиликтүү бийлик жетекчилери жана шаарчанын тургундары катышты.
Шаарчада аз камсыз болгон, жалгыз бой жана кѳп балалуу энелер үчүн бардык шарт түзүлгөнү белгиленди.
Ушул эле жерде 100 орундуу тигүү ишканасы, нан бышыруучу цех, Фельдшердик-акушердик пункт, мечит, дүкөн, кичи футбол аянтчасы да курулган.
Жергиликтүү бийлик социалдык шаарчага 3 гектар жер тилкесин бөлүп берген. (TB)
Дагы караңыз
Токаев чет өлкөгө чыгарылган каражатты кайтаруу боюнча комиссия түздү"Балдарды басып калбайбы деп коркобуз". Дубалы ажырап, полу чириген мектептерМаймыл чечеги Африкадан башка 27 өлкөдө катталдыӨКМ Жапаровдон жардам сурап кайрылган малчы боюнча маалымат берди